Редакцияот 23.06.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

 

2008-жылдын 23-июну № 135

 

Бишкек шаарында 2007-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Япониянын жакырчылыкты жоюу фондунун "Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн негизги  билимге жетишүүнү жогорулатуу" гранты (JFPR Project № 9108) жөнүндө Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу

1-берене.

 

Бишкек шаарында 2007-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Япониянын жакырчылыкты жоюу фондунун "Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн негизги билимге жетишүүнү жогорулатуу" гранты (JFPR Project № 9108) жөнүндө Макулдашуу-Кат ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Азия Өнүктүрүү Банкына билдирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

К.Бакиев