Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 21-январындагы № 18 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 31-декабры № 282
Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июнундагы № 46, 2012-жылдын 7-декабрындагы № 196, 2019-жылдын 8-июлундагы № 83, 2019-жылдын 21-декабрындагы № 140 Мыйзамдарынын редакциясларна ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Кыргыз Республикасында диний уюмдарды жана чет өлкөлөрдүн диний уюмдарынын миссияларын түзүү
3-глава. Диний уюмдардын, миссиялардын жана диний окуу жайлардын мүлктүк абалы
4-глава. Диний уюмдардын, миссиялардын жана диний окуу жайлардын укуктары жана иштөө шарттары
5-глава. Мыйзамдын ченемдерин жүзөгө ашырууну укуктук камсыздоо
6-глава. Корутунду жоболор
Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерде аныкталган адамдын дин тутуу эркиндигинин укуктарын камсыз кылууга, ошондой эле диний иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча маселелерди жөнгө салууга, диний уюмдардын укуктук абалын, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларын белгилөөгө багытталган.
2. Ушул Мыйзам дин боюнча коомдук комитеттерди түзүү жолу менен дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен бирдикте коомдук тартипти диний коопсуздукту, аймактык бүтүндүктү жана конституциялык түзүлүштү диний экстремизмден коргоону камсыз кылуу үчүн дин жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2-берене. Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдардын иш-аракети жөнүндө мыйзамдар