Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 26-майы № 166
Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө
(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2019-жылдын 16-январындагы № 7, 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49, 2023-жылдын 25-январындагы №11, 2026-жылдын 19-майындагы № 70
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүүдө жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн жарандардын, юридикалык жактардын, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы укуктук мамилелерди белгилейт.
1-берене. Экономиканын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамилелерди укуктук жөнгө салуу
Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын укуктук жөнгө салуу ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
Ушул Мыйзам калкты азык-түлүк менен, өнөр жайды сырье менен камсыз кылуу жана тийиштүү түрдө республиканын региондорун туруктуу өнүктүрүү максатында айылдык товар өндүрүүчүлөр менен мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы мамилелерин жөнгө салат, айыл чарбаны өнүктүрүү жана айыл чарба продукциясын өндүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик социалдык-экономикалык саясатты жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин белгилейт.
2-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк сектору - жеке көмөкчү чарба жүргүзгөн, ошондой эле айыл чарбасынын (дыйканчылыктын, мал чарбасынын, айбанаттар чарбасынын, канаттуулар чарбасынын, балчылыктын) жана балык чарбасынын, агротокой чарбасынын продукцияларын өндүрүүчү (өстүрүүчү) жана кайра иштетүүчү юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле жарандардын, анын ичинде айыл чарба (агроазыктүлүк), илимий-техникалык кызматтарды көрсөтүүлөрдү жана коргонуунун биологиялык каражаттарын колдонуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын экономикалык иштеринин түрлөрүнүн жыйындысы;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик айыл чарба (агроазыктүлүк) программасы - Кыргыз Республикасынын агроазыктүлүк рыногун жөнгө салуучу айыл, суу чарбаларын, агротокойчулукту жана балыкчылыкты өнүктүрүүнүн жана финансылык жана материалдык-техникалык ресурстарды жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик агроазыктүлүк саясатын үч жылдык мөөнөткө жүзөгө ашыруунун механизмдерин аныктоонун негизги багыттары;
айыл чарба (агроазыктүлүк) товарларын өндүрүүчү - жеке көмөкчү чарба жүргүзүшкөн, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык чарбакер субъект деп таанылган, айыл чарбасынын, балыкчылыктын, агротокойчулуктун продукцияларын жана аны иштетүүдөн алынуучу продуктуларды жана азык-түлүк товарларды өндүрүүчү жеке же юридикалык жактар;
айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдар - илимий-техникалык, маалыматтык, маркетингдик, консультациялык, агротехникалык, агрохимиялык, зооветеринардык, соодалык кызматтарды көрсөтүүчү, ошондой эле сугат суусун берүү, коргонуунун биологиялык каражаттарын колдонуу, айыл чарбасынын, балыкчылыктын, агротокойчулуктун продукцияларын, сырьену жана азык-түлүктү сактоо жана ташуу, агроазыктүлүк товарларды өндүрүү үчүн керектүү материалдык-техникалык ресурстарды берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдар;
Кыргыз Республикасынын агроазыктүлүк рыногу - айыл чарбасынын, балыкчылыктын, агротокойчулуктун продукцияларын, сырьену жана азык-түлүктү, ошондой эле агроазыктүлүк товарларды жана продукцияларды өндүрүү үчүн керектүү материалдык-техникалык ресурстарды жүгүртүү;
Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун өнүгүүсү жөнүндө отчет - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик айыл чарба (агроазыктүлүк) программасынын өткөн жылда жүзөгө ашырылышы, алдыдагы жылга милдеттер жана жүзөгө ашыруу механизми жөнүндө ар жылдык маалыматтык-аналитикалык материал;
сатып алуу жана товардык интервенция - ички агроазыктүлүк рыногунда анын ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарына турукташышы жана калктын агроазыктүлүк продукциясына болгон керектөөсүн канааттандыруу үчүн товардык операцияларды жүзөгө ашыруу;
айыл чарбасынын прогрессивдүү инновациялык технологиялары - илимий изилдөөлөрдүн жана алдыңкы өндүрүштүк тажырыйбанын натыйжаларын пайдалануунун негизинде айыл чарба өндүрүшүнүн жаңы, жакшыртылган уюмун түзүү боюнча ырааттуу жүзөгө ашырылуучу аракеттердин жыйындысы;