КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 20-июлу № 241
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө
(КР 2011-жылдын 13-майындагы № 23, 2012-жылдын 7-декабрындагы № 195, 2013-жылдын 14-февралындагы № 17, 2013-жылдын 19-февралындагы № 22, 2013-жылдын 22-февралындагы № 30, 2013-жылдын 11-июлундагы № 131 2014-жылдын 18-февралындагы № 35, 2014-жылдын 14-мартындагы № 47, 2014-жылдын 7-июлундагы № 112, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 224, 2017-жылдын 20-июлундагы № 137, 2019-жылдын 8-августундагы № 115, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам ченем чыгаруу иш-аракетинин принциптерин аныктайт, ченемдик укуктук актылардын түшүнүгүн жана түрлөрүн, алардын өз ара катышын, аларды даярдоонун, кабыл алуунун, жарыялоонун тартибин, ошондой эле аларды колдонуунун, чечмелөөнүн жана коллизияларды чечүүнүн эрежелерин белгилейт.
2. Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жана ушул Мыйзамдын иштөө чөйрөсүнө тийиштүү мыйзамдардын ченемдери ушул Мыйзамга ылайык келиши керек. Ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын ортосунда карама-каршылыктар келип чыккан учурда ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
мыйзамдар - коомдук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын жыйындысы;
ченемдик укуктук актылардагы коллизиялар - бирдей эле коомдук мамилелерди жөнгө салуучу колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын ченемдеринин карама-каршы келүүсү (дал келбөөчүлүгү);
ченем жаратуу иш-аракети - ченемдик укуктук актыларды даярдоо, экспертизалоо, кабыл алуу (чыгаруу), өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө, алардын колдонулушун токтотуу, күчүн жоготту деп табуу же болбосо жокко чыгаруу боюнча илимий жана уюштуруу иштери;
ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) - ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган (кызмат адамы), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
ченемдик укуктук акт - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган), укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ;
ченем жаратуу техникасы - ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо эрежелеринин системасы;
мыйзамдардагы боштуктар - зарылдыгы колдонуудагы мамлекеттик укуктук системанын маңызы жана мазмуну, эл аралык укуктун принциптери жана ченемдери менен шартталган укуктук ченемдердин жоктугу;
укук ченеми (укуктук ченем) - адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери;
ченемдик укуктук актынын юридикалык күчү - ченемдик укуктук актынын мүнөздөмөсү, анда анын тийиштүү коомдук мамилелерге карата милдеттүү түрдө колдонулушу, ошондой эле анын башка ченемдик укуктук актыларга кошо баш ийдирилгендиги аныкталат.
3-берене. Ченем жаратуу иш-аракетинин принциптери
Ченем жаратуу иш-аракети төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:
жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо;
мыйзамдуулук;
негиздүүлүк;
максатка ылайыктуулук;
адилеттүүлүк;
айкындуулук;
ченемдик укуктук актынын тилинин жеткиликтүүлүгү.
(КР 2013-жылдын 14-февралындагы № 17 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Ченемдик укуктук актылардын түрлөрү
1. Ченемдик укуктук актылар төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
Конституция - эң жогорку юридикалык күчкө ээ болгон, түздөн-түз колдонулуучу жана эң маанилүү коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууда негиз болуучу принциптерди жана ченемдерди бекитүүчү, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу үчүн укуктук негиз түзүүчү ченемдик укуктук акт;
конституциялык мыйзам - Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте жана анда белгиленген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук акт;
кодекс - бир тектүү коомдук мамилелерди системалуу жөнгө салууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук акт;
мыйзам - белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана тиешелүү чөйрөдөгү абдан маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы - Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) чыгаруучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт;
Жогорку Кеңештин токтому - Конституцияда, мыйзамдарда Жогорку Кеңештин карамагына киргизилген маселелер боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому - кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан кабыл алынуучу, ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген ченемдик укуктук акт;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому - өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан өз компетенциясынын чектеринде кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт;
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому - өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия) тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору - өздөрүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан өз компетенциясынын чегинде, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынуучу, тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ болгон жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген ченемдик укуктук актылар.
2. Башка аталыштардагы актылар (нускамалар, жоболор, эрежелер жана башкалар) ушул Мыйзамда каралган ченемдик укуктук актылар менен бекитилет.
(КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 131, 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене. Ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары)
Ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) ченем жаратуучу төмөнкүдөй органдар (кызмат адамдары) укуктуу:
Президент;
Жогорку Кеңеш;
Министрлер Кабинети;
Улуттук банк;
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.