Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

2010-жылдын 4-марты № 44

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

"Антидемпинг жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

 

 

1-берене.

 

"Антидемпинг жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин  Жарчысы, 1999-ж., № 3, 92-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4-статьяда:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Антидемпинг жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.";

2-пунктта:

- "Кыргыз Республикасы ратификацияланган эл  аралык  келишимде  же макулдашууда"  деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууда же келишимде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- расмий тилдеги текстте "международного" деген сөз "международных" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. 6-статьянын 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

3. 46-статьянын 1-пунктундагы "Жогорку Кенешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр "Жогорку Кенеши" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2010-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев