Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 15-апрели УӨ № 15
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ишинин айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретинин негизинде жана электр энергетикасы, газ жана жылуулук энергиясы чөйрөсүндөгү акционердик коомдорду башкарууну оптималдаштыруу максатында:
1. Электр энергетикасы, газ жана жылуулук энергиясы чөйрөсүндөгү акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордо мамлекеттин атынан жүзөгө ашырылуучу акционердин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине убактылуу жүктөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын энергетика министрине төмөнкү укуктар берилсин:
- талапкерлерди тандап алууну жүргүзүү менен аларды электр энергетикасы, газ жана жылуулук энергиясы чөйрөсүндөгү акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн сунуштоо;
- электр энергетикасы, газ жана жылуулук энергиясы чөйрөсүндөгү акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордун башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча сунуштамаларды киргизүү.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |