Бишкек шаары2010-жылдын 27-августу УӨ № 125 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-апрелинде кол коюлган дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-апрелинде кол коюлган дипломатиялыкпаспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруужөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Словакия РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу-нун күчүнө кириши үчүн кыргыз тарап зарыл керектүү мамлекеттик ички жолжоболорду аткаргандыгы жөнүндө словакиялык тарапка белгиленген тартиптебилдирсин. 3-берене. Ушул Декрет расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева