Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 15-октябры № 276

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2005-жылдын 18-январы, № 4-5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 52-статьянын 2-бөлүгүндөгү "ооруп калгандыгынан, иш сапарында же Жогорку Кеңештин тапшырмасын аткарып жүргөндүгүнөн улам" деген сөздөр алып салынсын.

2. 229-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Демейдеги жагдайларда депутаттын катышпагандыгынын жүйөлүү себептери төмөнкүлөр болуп саналат:

- убактылуу ишке жарамсыздык;

- кош бойлуулугу жана төрөт боюнча, баланы асырап алууга байланыштуу өргүү;

- эмгек акысы сакталбаган өргүү (үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча, никеге катталган, бала төрөлгөн, баланы баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда);

- парламенттин жетекчилигинин уруксаты менен окуу өргүүсү, иш сапарында болуу, кат жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик салтанаттарга жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана башка иш-чараларга катышуу;

- тийиштүү документтер менен ырасталган транспорттук тоскоолдуктар.".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев