Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 19-апрели № 13
2009-жылдын 27-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомдоштугуна мүчө-мамлекеттердин жалпы камсыздандыруу рыногун түзүү жөнүндө
Протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2009-жылдын 27-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомдоштугуна мүчө-мамлекеттердин жалпы камсыздандыруу рыногун түзүү жөнүндө Протоколу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразиялык экономикалык коомдоштуктун Интеграциялык комитетине Кыргыз Республикасы көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |