Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 2-июлу № 69
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүкатлантика Келишим Уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын/НАТО байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматчысынын статусу жөнүндө Макулдашууну биригип түзгөн, Түндүкатлантика Келишим Уюмунун Башкы катчысынын 2010-жылдын 18-февралындагы SG (2010) 0102 катына Кыргыз Республикасынын коргоо министринин 2010-жылдын 24-февралындагы № 10/297 жооп катын ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүкатлантика Келишим Уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын/НАТО байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматчысынын статусу жөнүндө Макулдашууну биригип түзгөн, Түндүкатлантика Келишим Уюмунун Башкы катчысынын 2010-жылдын 18-февралындагы SG (2010) 0102 катына Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин 2010-жылдын 24-февралындагы № 10/297 жооп каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Түндүкатлантика Келишим Уюмунун Катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |