Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 2-июлу № 72
Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган мамлекеттер ортосунда маалымат алмашууну уюштуруу жана автордук укуктун жана чектеш укуктардын улуттук маалыматтар базасын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган мамлекеттер ортосунда маалымат алмашууну уюштуруу жана автордук укуктун жана чектеш укуктардын улуттук маалыматтар базасын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер. Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |