Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 2-июлу № 75
Стамбул шаарында 2010-жылдын 8-июнунда кол коюлган Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин мүчө-мамлекеттеринин Катчылыгынын, анын кызматкерлеринин
жана өкүлдөрүнүн артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө Конвенцияны ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Стамбул шаарында 2010-жылдын 8-июнунда кол коюлган Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин мүчө-мамлекеттеринин Катчылыгынын, анын кызматкерлеринин жана өкүлдөрүнүн артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө Конвенция ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин мүчө-мамлекеттеринин Катчылыгынын, анын кызматкерлеринин жана өкүлдөрүнүн артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө Конвенцияны ратификациялоо тууралуу грамотаны Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин Катчылыгы болуп саналган депозитарийге депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |