Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 2-июлу № 76
Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин региондор аралык жана чек аралык кызматташтык боюнча Кеңеш жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин региондор аралык жана чек аралык кызматташтык боюнча Кеңеш жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |