Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 5-октябры № 158
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 30-статьяда:
2-бөлүк "наркына" деген сөздөн кийин ", ошондой эле эреже бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасына" деген сөздөр менен толукталсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасынан эсептелген айыптын эң төмөнкү өлчөмү сумманын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмадан биринен аз болушу мүмкүн эмес. Айыптын эң жогорку өлчөмү эреже бузулуп жатканы аныкталган мезгил ичинде укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык сатууларынан түшкөн акчасынын жыйынды суммасынын ондон бир өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес".
2. 23-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-глава
Монополияга каршы мыйзамдарга, керектөөчүлөрдүн
укугун коргоо, жарнак, бааларды (тарифтерди) түзүү
жана колдонуу тартиптери жөнүндө мыйзамдарга
шек келтирген администрациялык укук бузуулар".