Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 18-октябры № 174
Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун алкагында аскердик багыттагы продукция өндүрүүгө катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун алкагында аскердик багыттагы продукция өндүрүүгө катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 21-октябрында N 89 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева
2011-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |