Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 18-октябры № 176
Моcква шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган аскердик багыттагы продукция чыгаруу боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунда мамлекеттер аралык
илимий-өндүрүштүк бирикмелерди түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө Макулдашууну
ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Москва шаарында 2011-жылдын 10-декабрында кол коюлган аскердик багыттагы продукция чыгаруу боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунда мамлекеттер аралык илимий-өндүрүштүк бирикмелерди түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |