Редакцияот 25.10.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 25-октябры № 183

 

Бишкек шаарында 2011-жылдын 15-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

Бишкек шаарында 2011-жылдын 15-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө пакистандык тарапка билдирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева