Редакцияот 03.11.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 2-ноябры № 200

 

Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган ар кайсы мамлекеттердин чарбачыл субъекттеринин ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик алымдын өлчөмү жана аны өндүрүү тартиби жөнүндө 1993-жылдын 24-декабрындагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган ар кайсы мамлекеттердин чарбачыл субъекттеринин ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик алымдын өлчөмү жана аны өндүрүү тартиби жөнүндө 1993-жылдын 24-декабрындагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протокол ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болуп саналган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

Р. Отунбаева