КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 15-ноябры № 208
Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралуу
(КР 2014-жылдын 27-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу протокол ратификациялансын:
(2-абзац КР 2014-жылдын 27-январындагы № 20 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(3-абзац КР 2014-жылдын 27-январындагы № 20 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2014-жылдын 27-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |