Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 16-декабры № 240
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж. № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 27-статьянын 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу, объектти анын алгачкы калыбына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо)".
2. 28-статьянын 2-пункту "токтото туруу" деген сөздөрдөн кийин "объектти анын алгачкы калыбына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо)," деген сөздөр менен толукталсын.
3. 30-статьянын 5-бөлүгүндө "жыйырма" жана "жүз" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жүз" жана "эки жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 35-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35-статья. Иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу, объектти анын
алгачкы калыбына келтирүү, объектти же болбосо анын
бөлүгүн бузуу (демонтаждоо)
Иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулган учурда, табылган бузууларды четтеткенге чейин иштин ушул түрү токтотула турушу мүмкүн, объект алгачкы калыбына келтирилиши же объект же болбосо анын бөлүгү бузулушу (демонтаждалышы) мүмкүн.".