Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 29-марты № 26
2011-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык Өнүктүрүү
Ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2011-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген кириши жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткарганы жөнүндө Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |