Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 23-апрели № 43
2011-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдо менен машыгууга спорттук инвентарларды жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2011-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдо менен машыгууга спорттук инвентарларды жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин ортосунда Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткарганы жөнүндө Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттигине белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |