Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 23-апрели № 45
2011-жылдын 1-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан тапшырылган жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Секратариаты тарабынан тапшырылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы Карызды кечүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2011-жылдын 1-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан тапшырылган жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Секретариаты тарабынан тапшырылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы Карызды кечүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткарганы жөнүндө Түркия тарапка билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |