Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

2026-жылдын 3-июнундагы № 80 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 23-январы № 7

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2012-жылдын 17-апрели, № 31-32) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-тиркемеде:

- тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 21-1-пункт менен толукталсын:

"21-1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы.";

- 27-пункттагы "Областтык мамлекеттик администрациялардын башчылары" деген сөздөр "Областтардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

(КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев