Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 13-февралы № 14

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 231-1-статья менен толукталсын:

"231-1-статья. Жолду мыйзамсыз тосуу

Жеке жана (же) юридикалык жактардын жолду мыйзамсыз тосуусу, башкача айтканда, жарандардын эркин жүрүүгө укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө багытталган аракеттери, -

жеке жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер тосмолоо буюмдарын орнотуу менен жасалганда, -

жеке жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 508-статьянын 1-бөлүгү "230-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө," деген сөздөрдөн кийин "231-1-статьясында," деген сөздөр менен толукталсын.

3. 556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун үчүнчү абзацы "157," деген сандан кийин "231-1," деген сан менен толукталсын.

4. 564-статьянын 1-пункту "көчө жүрүштөрүн жана демонстрацияларды" деген сөздөрдөн кийин "жолду мыйзамсыз тосууну" деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.