Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2019-жылдын 6-ноябрындагы N 124 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 20-февралы № 24

"Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 759-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

5-берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салууну, контролдоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашырат;".

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Атамбаев