Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 18-апрели № 54

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 167-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - элүү, кызмат адамдарына жүз элүү, юридикалык жактарга - үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 174-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - отуз, кызмат адамдарына жүз, юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

3. 179-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - элүү, кызмат адамдарына жүз элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

4. 16-глава төмөнкүдөй мазмундагы 179-1-статья менен толукталсын:

"179-1-статья. Өзгөчө коргоодогу табигый аймактарды коммуналдык-турмуш-тиричилик калдыктары, таштандылар жана акыр-чикирлер менен булгоо

Мамлекеттик коруктардын, заказниктердин, улуттук жаратылыш парктарынын, дарылоочу-ден соолук чыңдоочу жана санаториялык-курорттук зоналардын, мамлекеттин коргоосуна алынган кадыресе же сейрек ландшафттардын, жаратылыш эстеликтеринин аймактарын акыр-чикирлерге толтуруу же коммуналдык-турмуш-тиричилик калдыктары, таштандылар жана акыр-чикирлер менен булгоо, -

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - отуз, кызмат адамдарына элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".