Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 24-июну № 97
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 305-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"305-статья. Аудио-, аудиовизуалдык продукцияларды, электрондук
эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалымат
базаларын сатуу жана ачык көрсөтүү эрежелерин бузуу
Аудио-, аудиовизуалдык продукцияларын, электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалымат базаларын сатуу эрежелерин бузуу
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүүгө чейинки, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Көрсөтүүнүн белгиленген убактысын жана көрүүчүлөр категориясын сактабоодо көрүнгөн аудиовизуалдык продукцияларды ачык көрсөтүү эрежелерин бузуу -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүүгө чейинки, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
чыгармалардын же фонограммалардын контрафактылык нускаларын конфискациялоо менен жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки, кызмат адамдарына - жүз элүүдөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".