КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУРАК ЖАЙ КОДЕКСИ
2013-жылдын 9-июлу № 117
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 118 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 100, 2017-жылдын 12-декабрындагы № 207 (12), 2021-жылдын 6-январындагы № 3, 2022-жылдын 5-августундагы № 84, 2023-жылдын 15-августундагы № 182, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 79, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
I бөлүм Жалпы жоболор
1-глава. Негизги жоболор. Турак жай мыйзамдары
2-глава. Мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компетенциясы
II бөлүм Турак жайларга менчик укугу жана башка укуктар
3-глава. Турак жайларга менчик укугу
4-глава. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу
III бөлүм Турак жайга укукту ишке ашыруу
5-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган турак жайларды берүү
6-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайларды пайдалануу
7-глава. Кызматтык турак жайлар
8-глава. Турак жайларды менчиктештирүү
9-глава. Турак жай курулушун өнүктүрүү фонду
10-глава. Куруу жана сатып алуу аркылуу турак жанга укукту ишке ашыруу
11-глава. Адистешкен турак-жай фондунун тутуму аркылуу турак жайга укукту ишке ашыруу
12-глава. Жеңүүгө болбогон күчтүн аракеттеринде турак жайга укукту ишке ашыруу
IV бөлүм Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр
13-глава. Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр
14-глава. Көп батирлүү үйдөгү турган үй ичиндеги тарамдарды жана инженердик жабдууларды тейлөө
V бөлүм Турак жай фондунун сакталышы жана эксплуатациялоо коопсуздугу. Турак жай имараттарындагы жайларды кайра куруу
15-глава. Турак жай фондунун сакталышы жана эксплуатациялоонун коопсуздугу
16-глава. Турак жана турак эмес жайларды кайра куруу
VI бөлүм Корутунду жоболор
I бөлүм Жалпы жоболор
1-глава Негизги жоболор. Турак жай мыйзамдары
1-берене. Негизги терминдер жана аныктамалар
Убактылуу тургундар - турак жайдын менчик ээси аларга мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фонддорунун үйлөрүнөн акы албастан турак жайда мөөнөттүү жашоо укугун берген жарандар;
аскер шаарчасы - бир жер участогунда жайгашкан жана аскер бөлүгүн (мекемесин) батирлештирүү жана аскер кызматчыларын, жумушчуларды жана кызматчыларды жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу имараттардын жана курулмалардын комплекси. Аскер шаарчалары жабык жана ачык болуп бөлүнөт. Жабык аскер шаарчаларына калктуу конуштарда жайгашкан, өткөрүү тутуму бар аскер бөлүктөрүнүн аскер шаарчалары, ошондой эле калктуу конуштардан сырткары жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн өзүнчө обочолонгон аскер шаарчалары кирет;
турак жайдын турак аянты - турак жайдагы чарчы метр менен эсептелинген турак бөлмөлөрүнүн аянттарынын суммасы;
турак жайы - туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган жана пайдаланылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык, санитардык жана башка милдеттүү талаптарга жооп берген турак жай фондунун өзүнчө бирдиги (жеке турак үй; жеке турак үйдүн бир бөлүгү; көп батирлүү үйдөгү батир; коммуналдык батир; коммуналдык батирдеги бөлмө; адистешкен турак жай фондунун үйлөрүндөгү бөлмө, көчмө турак жай фондунун турак үйү);
кызматтык турак жайы - мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү, тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган жана алардын эмгектик мамилелеринин мүнөзүнө, ошондой эле аскердик же башка кызматты өтөөсү, иштеген жери боюнча же ага жакын жерде жашоо керектиги менен байланыштуу жарандарды жайлаштыруу үчүн арналган турак жай;
турак жай фонду - менчигинин формасына карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагындагы турак жайлардын жыйындысы;
адистешкен турак жай фонду - мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте турган, социалдык колдоого муктаж жарандардын айрым категориялары үчүн арналган турак жайлардын жыйындысы;
көчмө турак жай фонду - мамлекеттик менчикте турган, жеңүүгө болбогон күчтүн (табигый кырсыктар жана аскердик аракеттер) аракеттердин натыйжасында өзүнүн турак жайына менчик укугун жоготкон жарандарга арналган турак жайлардын жыйындысы;
жеке турак үй - жеке турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилген жер участогуна курулган, анын менчик ээлери же пайдалануучулар тарабынан жашоо үчүн пайдаланылуучу белгилүү бир жеке турак имараты;
жеке турак жай фонду - жеке турак үйлөрдүн жыйындысы;
капиталдык оңдоо - турак имаратынын курулуш конструкцияларынын жана инженердик жабдуу тутумдарынын физикалык жана моралдык жактан эскиришин четтетүү, ошондой эле анын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн жана функционалдык багытын сактоо максаты менен аткарылуучу жумуштардын комплекси;
көп батирлүү үйдөгү батир - бир же бир нече турак бөлмөлөрдөн, ошондой эле жарандардын жашап туруусу менен байланышкан алардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн арналган кошумча жайлардан (ашкана, даараткана, жуунуучу бөлмө жана башка жайлар) турган көп батирлүү үйдөгү турак жай;
коммуналдык батир - бир нече менчик ээлерине таандык батир, бөлмөлөр, ал эми көмөкчү жана кошумча жайлар бөлмөлөрдүн менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчиги болуп саналат;
коммуналдык батирдеги бөлмө - жарандардын жашап турушу катарында пайдаланылуу үчүн берилген коммуналдык батирдеги турак жай;
коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр - сапаты белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга ылайык келген тиешелүү калктуу конуштун шарттарына карата турак жайлардын зарыл болгон ыңгайлуулугун камсыз кылган кызмат көрсөтүүлөр;
көп батирлүү үй - эки же андан ашуун батирлери, ошондой эле жалпы пайдаланылуучу көмөкчү жайлары бар (жалпы пайдаланылуучу орун) турак жай имараты;
байланыш жабдуулары - үндү, тыбышты, көрмө билдирүүлөрдү кошуп алганда, маалыматтарды жана сүрөттөлүштөрдү, ошондой эле мындай билдирүүлөрдүн кандай болбосун элементтерин жиберүү, байланышуу же электр байланыш билдирүүлөрүн берүү үчүн техникалык каражаттар;
көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы мүлкү - бирден ашуун менчик ээсин тейлөөчү жай, үй ичиндеги тарам жана инженердик жабдуу, анын ичинде байланыш жабдуусу (подъезддер, вестибюлдар, батир аралык тепкич чарчылары жана аянтчалар, тепкичтер, желдеткич жана лифт шахталары, батирден тышкаркы коридорлор, коридорлор, кир жайгычтар, кир жуучу орундар, кампа жайлар, чатыр, техникалык кабаттар, жер төлөөлөр, өткөөл шлюздар, акыр-чикир камералары, акыр-чикир өткөргүчтөр, чатырдын асты (чатыр жапмасы) имараттын курулуш конструкциялары, башка кошумча жайлар, ошондой эле үй жанындагы жер участоктору;
турак жайдын жалпы аянты - балкондорду, лоджияларды, верандаларды жана терассаларды кошпогондо, турак жайдын турак жана турак эмес аянттарынын суммасы;
көп батирлүү үйдүн жалпы аянты - батирлердин, жалпы пайдаланылуучу жайлардын жана турак эмес жайлардын аянттарынын жалпы суммасы;
жайларды кайра куруу - имараттын же жайдын инженердик тарамдарын жана жабдууларын (санитардык-техникалык, электрдик жана башка), курулуш конструкцияларын коюу, алмаштыруу же башка жерге көчүрүү боюнча курулуш-монтаждоо жумуштарынын комплекси, аны аткаруунун натыйжасында инженердик жабдууларды, чечимдерди, ошондой эле жайдын планын кошуп алганда, анын көлөмдүк-пландаштыруучулук, архитектуралык жана конструкциялык функциялык арналышы өзгөрөт;
жетиштүү турак жайга укук - жашап туруу үчүн жарактуу, социалдык инфратүзүмгө жеткиликтүү, сатып алуу үчүн жеткиликтүү, ошондой эле аны пайдаланууга укуктары сакталган турак жайга жарандардын мамлекет тарабынан кепилдик берилген укугу;
үн жанындагы жер участогу (көп батирлүү үйдүн жанындагы жер участогу) - бак-дарактарды, короо ичиндеги ирригациялык тарамды (магистралдык жана суу берүүчү каналдарды кошпогондо) жана тышкы жарыктандырууну, чарбалык, балдар жана спорт аянтчаларын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн жабдылган аянтчаларды кошуп алганда үйгө жанаша жаткан аймакты өзүнө камтыган участок, жана чек аралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталган башка участоктор;
учурдагы оңдоо - турак жай имаратынын конструкцияларынын жана анын тутумдарынын, үй ичиндеги тарамдарын жана инженердик жабдууларынын шайма-шайлыгын (ишке жөндөмдүүлүгүн) калыбына келтирүү, ошондой эле эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн сактоо максатында аткарылган жумуштардын комплекси;
турак жай имаратын техникалык тейлөө - имараттарды эксплуатациялоо процесстерин башкаруу менен байланышкан иш-чаралардын комплекси, жалпы жана жарым-жартылай текшерүүлөр жолу менен имараттын техникалык абалын контролдоону, анын конструкциялык элементтеринин жана инженердик тутумдарынын ишке жөндөмдүүлүгүн жана бузулбагандыгын сактоону, аларды оңдоону жана жөнгө салууну, бүтүндөй объекти, анын элементтерин жана тутумдарын сезондук эксплуатациялоого даярдоону, турак жайларга жана жанаша жаткан аймакка карата санитардык-гигиеналык талаптарды камсыз кылууну камтыйт;
техникалык паспорттоштуруу - турак жайлардын техникалык паспортторун - турак жайлары жөнүндө техникалык жана башка маалыматтарды камтыган документтерди жол-жоболоштуруу;
турак жайдын сервитуту - алардын менчик ээлери болуп саналбаган, бирок объективдүү жагдайлардын натыйжасында мындай пайдаланууга барууга мажбур болгон адамдар тарабынан турак жайды жана курулмаларды мыйзамда белгиленген же келишимде каралган жарым-жартылай пайдалануу укугу, мүлктү чектүү биргелешип пайдалануу укугу;
адистешкен уюм - менчигинин формасына карабастан, турак жай имаратын техникалык тейлөөнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
жабдуучу уюм - турак жана турак эмес жайлардын жеке менчик ээлерине келишимдердин негизинде товарларды жеткирүүчү жана коммуналдык кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак;
курулуш конструкциясы - турак жай имаратынын көтөрүүчү, тосуучу жана (же) эстетикалык функцияларды аткаруучу бөлүгү.
2-берене. Ушул Кодекстин колдонулуу чөйрөсү
1. Турак жай мыйзамдары Конституцияга негизделет жана Жарандык кодекстен, ушул Кодекстен, турак жай мамилелерин, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча да мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат:
1) мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайларына ээлик кылуу, пайдалануу, тескөө, укугунун пайда болушу, жүзөгө ашырылышы, өзгөрүшү, токтотулушу;
2) жеке турак жай фондунун турак жайын пайдалануу;
3) жайлардын ээлеринин жалпы мүлкүн пайдалануу;
4) орун жайларды турак жайлардын катарына киргизүү жана аларды турак-жай фондусунан чыгаруу;
5) турак жай фонддорун эсепке алуу;
6) турак жайларды күтүү жана оңдоо;
7) турак жайларды кайра түзүү жана кайра пландаштыруу;
8) көп батирлүү үйлөрдү башкаруу;
9) турак жайды пайдалануунун натыйжасында берилген товарларга жана коммуналдык кызмат көрсөтүүгө акы төлөөнүн тартиби;
10) турак жайларды белгиленген санитардык жана техникалык эрежелерге жана нормаларга, мыйзамдардын башка талаптарына ылайык турак жай фондусун пайдаланууну жана сактоону, контролдоону ишке ашыруу;
11) мамлекеттик турак жай көзөмөлүн жүзөгө ашыруу.
Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган турак жай укугунун ченемдери ушул Кодекске ылайык келиши керек.
Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган турак жай укугунун ченемдери ушул Кодекстин ченемдерине карама-каршы келген учурда, ушул Кодекстин ченемдери колдонулат.
2. Турак жайларды куруу, оңдоо жана кайра куруу, инженердик жабдууларды пайдалануу, коммуналдык кызматтарды көрсөтүү жана акы төлөө менен байланышкан турак жай мамилелерине ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык тиешелүү мыйзамдар колдонулат.
3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде турак жай мыйзамдарында каралгандагыдан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
3-берене. Турак жай мыйзамдарынын принциптери
1. Турак жай мыйзамдары төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) турак жай фондун эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылууга;
2) турак жайдын менчик ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого жана коргоого;
3) турак жай фондун натыйжалуу пайдаланууга;
4) турак жай фондун максаттуу пайдаланууга;
5) бузулган турак жай укуктарынын калыбына келтирилишин камсыз кылууга;
6) турак жайга укуктар жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнө;
7) турак жайдын кол тийбестигине;
8) турак жайга менчиктин бардык формаларынын теңдигине;
9) Жеткиликтүү турак жайга укукту ишке ашырууга таасир көрсөтүүчү чечимдерди кабыл алуунун бардык процесстерине жарандардын катышуусун камсыз кылууга.
2. Ушул Кодексте каралган негиздер боюнча жана тартиптен башкача эч ким өзү элеп турган турак жайдан чыгарып салынышы же турак жайды пайдалануу укугу, анын-ичинде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу укугу чечилиши мүмкүн эмес.
4-берене. Турак жай укуктарынын объекттери
1. Турак жайлар турак жай укуктарынын объекттери болуп саналат, аларга карата талаптар ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленет.
2. Турак жайларды курууга жана эксплуатациялоонун коопсуздугуна коюлуучу эң төмөнкү талаптар тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленет.
3. Турак жай жарандардын жашап турушу үчүн арналат. Көп батирлүү үйдөгү турак жайларды өнөр жайлык мүнөздөгү максаттар үчүн берүүгө, өткөрүп берүүгө, аларды соода орундары катары пайдаланууга, тейлөө чөйрөсүндөгү уюмдарды, анын ичинде мейманканаларды, жайгаштырууга, ошондой эле жашоодон тышкары кандай болбосун максаттар үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
4. Турак жайды пайдалануу жана эксплуатациялоо турак жайда жашаган жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону, өрт коопсуздугунун, санитардык-гигиеналык, экологиялык талаптарды жана мыйзамдардын башка талаптарын эске алуу менен, ошондой эле турак жайларды пайдалануунун Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Турак жайы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген негиздер боюнча жана тартипте жашап туруу үчүн жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Жашап туруу үчүн жараксыз турак жайларды турак жай фондунан чыгаруу Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУРАК ЖАЙ КОДЕКСИ
2013-жылдын 9-июлу № 117
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 118 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 100, 2017-жылдын 12-декабрындагы № 207 (12), 2021-жылдын 6-январындагы № 3, 2022-жылдын 5-августундагы № 84, 2023-жылдын 15-августундагы № 182, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 79, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 7-августундагы № 161 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
I бөлүм Жалпы жоболор
1-глава. Негизги жоболор. Турак жай мыйзамдары