КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 9-июлу № 122
Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын
менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө
(КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 207 (12), 2023-жылдын 15-августундагы № 182, 2025-жылдын 28-майындагы N 108 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүү жана уюштуруу документтери
3-глава. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн укуктук абалы
4-глава. Корутунду жоболор
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө мыйзамдар
Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө мыйзамдар Конституциядан, Жарандык кодекстен, Турак жай кодексинен, ушул Мыйзамдан жана аларга ылайык чыгарылуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү
Ушул Мыйзамдын колдонулушу коммерциялык эмес уюм - көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктигин (мындан ары - турак жай менчик ээлеринин шериктиги) түзүү жолу менен, көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүндөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин аны натыйжалуу күтүү жана башкаруу менен байланышкан мамилелерине жайылтылат. Ушул Мыйзам көп батирлүү үйлөрдү куруу жана реконструкциялоо процессинде турак жай менчик ээлеринин жаңыдан түзүлгөн шериктигине да жайылтылат.
2-глава Турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүү жана уюштуруу документтери
3-берене. Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин шериктиги
1. Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин шериктиги - көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү (кыймылсыз мүлк комплексин) биргелешип башкаруу, ошол комплексти эксплуатациялоону камсыз кылуу, ээлик кылуу, пайдалануу жана мыйзамдарда белгиленген чектерде көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү тескөө, ошондой эле чектеш аймакты көрктөндүрүү үчүн көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери тарабынан түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын (менчик ээлери) менчик ээлери тарабынан уюштурулат.
3. Мүчө болууну каалаган менчик ээлери турак жай менчик ээлеринин шериктиги мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин анын мүчөлөрү болуп калышат жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн ушул Мыйзамда каралган укуктарына жана милдеттерине ээ болушат.
Турак жай менчик ээлеринин шериктигине мүчө болуп саналбаган менчик ээлери көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүү түйшүгүн тең тартышат.