Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 15-июлу № 145

Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө

(КР 2016-жылдын 19-мартындагы № 21, 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2018-жылдын 2-августундагы № 79, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 3, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12, 2021-жылдын 13 августундагы № 100, 2022-жылдын 20-январындагы № 6, 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2023-жылдын 21-июлундагы № 143, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана жерлерди бир категориядан башкасына же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктайт.

(КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-глава Жалпы жоболор

1-берене. Негизги терминдер жана түшүнүктөр

Чарба жерлеринин түрлөрү - конкреттүү максаттар үчүн системалуу пайдаланылуучу же пайдаланууга жарактуу жана табигый-тарыхый белгилери боюнча айырмаланган (айдоо аянты, кысыр аңыз, көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер, чабындылар, жайыттар, бак-бадал өсүмдүктөр, саз, көл, жолдор жана башкалар) жерлер.

Айыл чарба жана (же) токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу - айыл чарба же токой чарба жерлерин берүүдө же айыл чарба жана токой чарба өндүрүшү менен байланышпаган жерлердин башка категорияларына же чарба жерлеринин түрлөрүнө которууда төлөнүүчү сумма.

Кысыр аңыз - мурда айдоо катары пайдаланылган жана күздөн тартып бир жылдан ашык айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү үчүн пайдаланылбаган жана буулантып айдоого даярдалбаган жер участогу.

Арыз ээси - жер участокторун которуу жөнүндө өтүнгөн жеке же юридикалык жак, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар.

Айыл чарба багытындагы жерлер - айыл чарба муктаждыктары үчүн берилген же ушул максаттар үчүн арналган жерлер.

Жер пайдалануучу - жер участогун пайдалануу укугу берилген, өткөрүп берилген же мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөн жеке же юридикалык жак.

Көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер - мөмө-жемиш азыктарын алуу үчүн арналган, жасалма тигилген бактар, бадалдар үчүн (токой аянтысыз) пайдаланылуучу айыл чарба жерлери.

Жерлердин категориясы - бир эле максаттык багытта пайдаланылуучу жана пайдаланууга арналган чарба жерлеринин түрлөрүнүн жыйындысы.

Жайыттар - жерди эсепке алуу маалыматтарында чагылдырылган, чөп баскан, мал жаюу үчүн жайыт катары жана башка максаттарда пайдаланылуучу айыл чарба жерлеринин түрү.

Түп-тамырынан жакшыртылган жайыт - тамырларды жок кылуу жана кийин чөп чабындыга айлантуу жолу менен пайда болгон чөптүү өсүмдүктөр баскан айыл чарба жери.

Айдоо жерлери - көп жылдык өсүмдүктөрдү эгүүнү жана таза буулантууну кошо алганда, айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү үчүн системалуу иштетилген жана пайдаланылган айыл чарба жери.

Жерлерди которуу (трансформациялоо) - жердин максаттык багытын же чарба жеринин түрүн өзгөртүүнүн натыйжасында жердин категориясын өзгөртүү.

Кыртыштык-мелиоративдик абал - айыл чарба азыктарын өндүрүү үчүн пайдаланууга жарактуулук даражасына жараша айыл чарба жерлеринин абалы.

Чабынды - чөп чабуу үчүн системалуу колдонулган айыл чарба жери.

Түп-тамырынан жакшыртылган чабынды - чымды жок кылуу жана кийин чөп айдоо жолу менен чабынды катары пайдаланылуучу айыл чарба жери.

Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган.

Техникалык-экономикалык негиздеме - жер участогунун ээси тарабынан даярдалуучу жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) максатка ылайыктуулугун негиздөөчү, трансформациялануучу жер участогунун техникалык жана экономикалык параметрлерин камтыган документ. Техникалык-экономикалык негиздеменин формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;

Айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз жер участогу - мелиоративдик процесстерди жүргүзүүгө жана аны максаттуу багыты боюнча пайдаланууга мүмкүн болбогон жер участогу.

Алынбай калган пайда - жарандык жүгүртүүнүн кадимки шарттарында менчик ээси же жер пайдалануучу алышы мүмкүн болгон, бирок алынбай калган кирешелер.

(КР 2016-жылдын 19-мартындагы № 21, 2021-жылдын 13 августундагы № 100, 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

2-берене. Жерлерди которууга байланыштуу келип чыккан мамилелерди укуктук жөнгө салуу

Жерлерди которууга (трансформациялоого) байланыштуу келип чыккан мамилелерди укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, ушул Мыйзамдын ченемдерине жана ушуга жараша кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

3-берене. Жерлерди категорияларга киргизүү жана жерлерди которуу (трансформациялоо)

1. Жерлерди категорияларга киргизүү алардын негизги максаттык багытына ылайык жүргүзүлөт.

Жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) мамлекеттик иш-милдет болуп саналат, алардын негизги максаттык багыты өзгөртүлгөн учурда жүзөгө ашырылат.

Жерлердин категориясы жана чарба жерлеринин түрү төмөнкүлөрдө көрсөтүлөт:

1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жер участокторун берүү жөнүндө актыларында;

2) жер участоктору предмети болуп саналган келишимдерде;

3) жерди эсепке алуу документтеринде;

4) жер участогуна укукту ырастоочу документтерде.

2. Жерлерди которуунун (трансформациялоонун) белгиленген тартибин бузуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын актыларын жараксыз деп таанууга негиз болот.

Электр байланышынын операторлоруна жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн, ошондой эле жерлери Кыргыз Республикасынын жер жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда трансформацияланууга жатпаган мамлекеттик корукчаларды (комплекстүүлөрдү тышкары), экологиялык коридорлорду, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалына стационардык байкоо жүргүзүү пункттарын түзүү үчүн өлчөмү 20 м2 ашпаган чектердеги жер участокторун берүү учурларын кошпогондо, жерлерди максаттуу эмес багыты боюнча пайдаланууга жол берилбейт.

3. Жер участокторун "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) мамлекеттик жаратылыш коруктарын, мамлекеттик биосфералык коруктарды, мамлекеттик жаратылыш парктарын, дендрологиялык жана зоологиялык парктарды, ботаникалык бактарды, мамлекеттик комплекстүү корукчаларды, мамлекеттик жаратылыш эстеликтерин, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, геопарктарды, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, микрокоруктарды түзүүдө, мөңгүлөргө жана кар күрткүлөрүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусун берүүдө, алардын аймагында чарбалык ишти жүргүзүүнү токтотуу же болбосо чектөө түрүндө пайдалануунун өзгөчө укуктук режими киргизилүүчү биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөк зонасын аныктоодо жүргүзүлөт.

4. Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн суу-чарба курулмаларын курууга берилген өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жер участоктору жердин башка категориясына которулбастан (трансформацияланбастан) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте берилет.

(КР 2019-жылдын 30-июлундагы № 107,  2024-жылдын 13-июнундагы № 95