Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2024-жылдын 6-мартындагы N 69 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 24-июлу № 156

(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясынын ылайык)

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

"Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1998-ж., № 9, 316-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

6-берене төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду өндүрүүгө, жасоого, кайра иштетүүгө, сактоого, пайдаланууга, сатууга (экспортту жана импортту кошуп алганда берүүгө, сатууга), бөлүштүрүүгө, ташып келүүгө, ташып чыгарууга жана транзитке лицензияларды берүү.".

2-берене.

     (КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясынын ылайык күчүн жоготту)

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев