Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-июну №27/128
Кош-Дөбө айылдык округунун Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2012-жылга карата бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айылдык округунун Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2012-жылга карата бюджеттин бекитип берүү жөнүндө бирикменин төрөгасы А.Бейшембиевдин билдирүүсүн угуп Депутаттардын Кош-Дөбө айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айылдык округунун Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2012-жылга карата бюджеттинин киреше бөлүгү 244500-00 сом чыгаша бөлүгү 244500-00 сом болуп бекитилсин.
2. Жайыт пайдаланган үчүн төлөмүн өлчөмү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1. Уй 2628 х 30 = 78840
2. Кой-эчки 11617 х 6 = 69702
3. Жылкы 1194 х 30= 35820
4. Топоз 602 х 100= 60200
Баары - 244500
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт кеңешинин төрөгасы А.Бейшембиевге, план сметанын аткарылышын камсыз кылуу жагы эсепчиси И.Шайымбетовго тапшырылсын.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин төрагасы |
Б. Айталиев |
ЖИБЕРИЛСИН:- Иш кагазына, ФЭБнө, Жайыт кеңешине