Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-июну №27/129
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28-май 2012-жылдагы № 323 токтомун бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилгендигине байланыштуу Депутаттардын Кош-Дөбө айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айылдык округунун типтүү түзүмү жана штаттык саны бекитилсин.(Тиркеме тиркелет)
2. Айыл аймагында максатка ылайыктуулугуна жараша негизделген төмөнкү штаттар бекитилип берилсин
1. Жер турак-жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис.
2. Жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адис.
3. Аскерге милдеттүүлөр боюнча иш алып баруу инспектор
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айылдык округдун ФЭБүнө тапшырылсын.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин төрагасы |
Б. Айталиев |
ЖИБЕРИЛСИН:- Иш кагазына, ФЭБнө