Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 443 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

 

2008-жылдын 9-июну ПЖ № 197

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу

Мамлекеттик кадрдык саясаттын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын реестри" деген № 1 тиркеменин "Саясый мамлекеттик кызмат орундар" деген бөлүгүнүн "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы" деген бөлүмүнүн II тобу:

төмөнкү мазмундагы жаңы биринчи сап менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси";

биринчи-бешинчи саптар тиешелүү түрдө экинчи-алтынчы саптар болуп эсептелсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

К.Бакиев