Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 13-марты № 44
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 27-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1) мергенчилик минимумду билүүсүн текшерүү;".
2. 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 34-1-статья менен толукталсын:
"34-1-статья. Мергенчилик минимумду билүүсүн текшерүү
Ушул Кодексте каралган администрациялык укук бузууларды жасаган аңчылар, аңчылыкты пайдалануучулардын кызмат адамдары жана алгыр куштарды багуучулар администрациялык жаза-чарасын колдонуу менен катар мергенчилик минимумду кайра тапшырууга жиберилиши мүмкүн.".
3. 140-статьяда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик токой фондусунун жана бекитилип берилген мергенчилик кылуучу жерлердин аймактарында аңчылык кылуу эрежелерин жана мөөнөттөрүн бузуу -мамлекеттик мергенчилик ырастамасыз жана талаптагыдай уруксатсыз (жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдаланууга, атуу карточкаларына жана/же жолдомолорго уруксатсыз) аңчылык кылуу, ошондой эле тыюу салынган мөөнөттөрдө же тыюу салынган мергенчилик куралдары жана ыкмалары менен аңчылык кылуу же жапайы айбанаттардын тыюу салынган түрлөрүнө аңчылык кылуу -";
экинчи абзацында "беш" деген сөз "жыйырма" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 141-статьянын экинчи абзацында "бирден үч" деген сөздөр "бирден он" деген сөздөргө алмаштырылсын; "үчтөн беш" деген сөздөр "бештен жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын.