Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 18-марты № 51

"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 12, 501-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 8-статьянын 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

2. 17-статьяда:

2-бөлүгүндө:

- "шектүүнүн, айыпкердин, соттолгондун жазык ишинде адвокаттын катыштыгы бардыгын ырастаган документтин (ордер-тапшырманын)" деген сөздөр "жазык ишинде шектүүнүн, айыпкердин, соттолгондун тарабында адвокаттын катышуусун ырастаган документтин (ордер-тапшырманын), ошондой эле анын инсандыгын ырастаган документтин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- "мүмкүн болушунча" деген сөздөр алып салынсын;

эскертүүнүн биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. 19-статьяда:

3-бөлүгүндө:

- экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Цензураны жүзөгө ашыруу максатында катты расмий тилден мамлекеттик тилге же мамлекеттик тилден расмий тилге которуу зарыл болгондо, катты берүү мөөнөтү которуу үчүн зарыл болгон убакытка, бирок эки күндөн көп эмес узартылышы мүмкүн.";

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Катты чет тилден мамлекеттик же расмий тилге же болбосо мамлекеттик же расмий тилден чет тилге которуу зарыл болгон учурда, катты берүү мөөнөтү которуу үчүн зарыл болгон убакытка, бирок он күндөн көп эмес узартылышы мүмкүн";