Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 11-апрели № 56

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 400-3-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы "туура эмес" деген сөздөрдөн кийин "же толук эмес" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 415-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"415-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин түзүү, камсыз кылуу, сактоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу

Кызмат адамдары мамлекеттик архив мекемелеринин өкүлдөрүн ведомстволук архивдерге киргизбей койгондо, -

кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ыйгарым укуктуу адамдар мөөр басып бекиткен архив сактоочу жайларды өз алдынча ачуу, иши убактылуу же биротоло токтотулган архивдердин ишин кайрадан иштетүү, -

кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын - мамлекеттик архивдерди толуктоонун булактарынын статистикалык отчетту бербөөсү, -

юридикалык жактарга эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда документтер болгондо архивдик маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү, социалдык-укуктук мүнөздөгү документтердин көчүрмөлөрүн жарандарга берүүдөн баш тартканда, -