Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 14-июлу № 135
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 27-июлундагы № 147, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196, 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 61, 2020-жылдын 18-июлундагы № 79, 2021-жылдын 24-июнундагы № 75, 2022-жылдын 6-июнундагы № 41, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2023-жылдын 15-августундагы № 180 , 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Адвокатуранын, адвокаттык иштин укуктук негиздерин, ошондой эле адвокаттардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин белгилейт.
1-глава. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы
1-берене. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын Адвокатурасын (мындан ары - Адвокатура) жана адвокаттык ишти жөнгө салуунун укуктук негизи болуп саналат.
2-берене. Адвокатура
1. Адвокатура - бул Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын милдеттүү түрдө мүчөлүгүнө негизделген, кесиптик кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлгөн, алардын кызыкчылыктарын билдирүүгө жана коргоого, адвокаттардын квалификациясын жогорулатууга жана адвокаттык ишти өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө чакырылган адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик коомдоштугу.
2. Адвокатура жарандык коомдун институту катары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумуна кирбейт жана өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Адвокатуранын уставына ылайык жүзөгө ашырат.
3. Адвокатура өз алдынча уюштуруучулук-укуктук формасы - Адвокатурасы бар коммерциялык эмес юридикалык жак болуп саналат.
Адвокатура пайда алуу максатын көздөбөйт жана коммерциялык уюмдарды түзүүгө жана алардын катышуучусу болууга укуксуз.
4. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Адвокатура өлкөнүн калкы аз жана алыскы райондорунда өз ишин жүзөгө ашырган адвокаттарга тиешелүү жеңилдиктерди (адвокаттык түзүмдөрдүн муктаждыгына милдеттүү чегерүүлөрдөн бошотуу жана башка жеңилдиктер) берүү мүмкүнчүлүгүн карайт.
6. Адвокат Адвокатуранын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми Адвокатура адвокаттардын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы N 4-р чечими
3-берене. Адвокатуранын мүлкү
1. Адвокатура өзүнө жеке менчик укугунда таандык болгон мүлккө ээ, ал уставдык милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн негизги зарыл жана жүгүртмө каражаттарды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, баалуу кагаздарды жана башка мүлктү өзүнө камтыйт.
2. Мүчөлүк төгүмдөр, ыктыярдуу кайрымдуулуктар, өз ишинен түшкөн кирешелер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган максаттуу жана башка түшүүлөр Адвокатуранын мүлк булагы болуп саналат.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Адвокатуранын уставы
1. Адвокатура өз уставын ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бекитет.
2. Адвокатуранын уставында төмөнкүлөр каралат:
1) Адвокатуранын максаттары, милдеттери жана иш-милдеттери;
2) Адвокатуранын башкаруу органдарын түзүүнүн жана анын ыйгарым укуктарынын тартиби;
3) Адвокатурага кирүүнүн шарттары жана тартиби;
4) Адвокатуранын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;
5) адвокаттардын квалификациясын жогорулатуунун тартиби;
6) Адвокатуранын мүлкүн түзүүнүн жана аны пайдалануунун тартиби;
7) Адвокатуранын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби;
8) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөнүн тартиби;
9) чыгымдардын сметасы боюнча отчеттуулукту берүүнүн жана аны жарыялоонун тартиби;
10) аймактык Адвокатураны, анын башкаруу органдарын түзүүнүн, алардын иштешинин тартиби, ошондой эле алардын ыйгарым укуктары;
11) адвокаттарды аймактык Адвокатурага киргизүүнүн (бекитүүнүн) тартиби;
12) Адвокатуранын текшерүү комиссиясын түзүүнүн жана анын ыйгарым укуктарынын тартиби.
3. Уставда ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген, Адвокатуранын ишине тиешелүү башка жоболор да каралышы мүмкүн.
5-берене. Адвокатуранын башкаруу органдары
1. Адвокатуранын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Адвокаттардын съезди;
2) Адвокаттардын кеңеши.
2. Адвокатуранын башкаруу органдарын түзүүнүн жана алардын ыйгарым укуктарынын тартиби ушул Мыйзамда жана Адвокатуранын уставында белгиленет.
6-берене. Адвокаттардын съезди
1. Адвокаттардын съезди Адвокатуранын жогорку башкаруу органы болуп саналат.
Адвокаттардын съездинде Адвокаттар кеңешинин төрагасы, ал эми ал жок болуп калган учурда - төраганын орун басары төрагалык кылат.
2. Адвокаттардын съезди Адвокаттардын кеңешинин чечими боюнча бир жылда бир жолу чакырылат, ал съезддин өткөрүлө турган датасын, убактысын жана орун-жайын белгилейт. Адвокаттардын кезексиз съезди Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин чечими боюнча же Адвокатуранын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча чакырылат.
Адвокаттардын съезди, эгерде анын ишинде шайланган делегаттардын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укук ченемдүү болуп эсептелет. Съездде делегаттардын өкүлчүлүгү ар бир аймактык адвокатурадан катталган адвокаттардын санынын 10 пайыздык, бирок 10 адамдан кем эмес ченеми менен аныкталат.
3. Съезддин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Адвокатуранын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) Адвокатуранын уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу же уставдын жаңы редакциясын кабыл алуу;
3) Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүн, этика боюнча комиссиянын, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
4) Адвокатура мүчөлөрүн, Адвокатуранын кеңешинин, этика боюнча комиссиянын, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн резервдик тизмесине шайлоо;
5) Адвокаттардын Кесиптик этикасынын кодексин бекитүү;
6) Адвокаттар кеңеши, этика боюнча комиссия, текшерүү комиссиясы жөнүндө жоболорду бекитүү, Адвокаттар кеңешинин, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө, этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө - адвокаттарга сый акынын өлчөмүн аныктоо;
7) Адвокаттар кеңешинин, этика боюнча комиссиянын, текшерүү комиссиясынын отчетторун бекитүү;
8) Адвокаттар кеңешинин төрагасынын сый акысынын өлчөмүн аныктоо;
9) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөдөн келип түшкөн каражаттардан Адвокатуранын жалпы муктаждыктарына аймактык адвокатуралардын чегерүүлөрүнүн өлчөмүн аныктоо;
10) мүчөлүк төгүмдөрдүн өлчөмүн аныктоо жана бекитүү, аларды төлөө тартибин бекитүү;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Адвокаттар кеңеши
1. Адвокаттар кеңеши Адвокатуранын коллегиялуу аткаруу органы болуп саналат жана ал Адвокаттардын съездинде беш жылдан кем эмес адвокаттык иш стажы бар Адвокатуранын мүчөлөрүнүн ичинен үч жылдык мөөнөткө 9 адамдан турган санда жашыруун добуш менен шайланат. Адвокат Адвокаттар кеңешинин мүчөлүгүнө катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
Адвокаттар кеңеши өзүнүн курамынын ичинен төраганы жана анын орун басарын жашыруун добуш берүү менен Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлайт.
Адвокаттар кеңешинин төрагасы өз ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде адвокаттык иш жүргүзүүгө укуксуз.
2. Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары Адвокаттар кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин сакталат .
3. Адвокаттар кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коомдук бирикмелерде жана башка уюмдарда Адвокатуранын атынан чыгуу;
2) Этика боюнча комиссияны жана текшерүү комиссиясын кошпогондо, Адвокатуранын комиссиялары жөнүндө жоболорду бекитүү;
3) аймактык адвокатура жөнүндө типтүү жобону бекитүү;
4) жалпы чогулуштун сунушу боюнча аймактык адвокатура башкармасынын төрагаларын кызматка дайындоо жана бошотуу;
5) Адвокатуранын алдындагы Адвокаттардын окуу борборунун директорун дайындоо жана бошотуу;
6) адвокаттардын квалификациясын жогорулатуу программасын бекитүү, ал программалар боюнча кесиптик окутуп-үйрөтүүнү уюштуруу;
7) (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8) адвокаттардын социалдык жана кесиптик укуктарын коргоо;
9) (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10) Адвокатуранын уставына ылайык башка ыйгарым укуктар.
4. Адвокаттар кеңешинин жыйналышы Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышканда укук ченемдүү деп эсептелет.
Адвокаттар кеңешинин чечимдери Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана 7 күндөн кечиктирбестен Адвокатуранын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
5. Адвокаттар кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ордун адвокаттардын съездинде бекитилген резервдик тизмеде турган кийинки кезектеги талапкер ээлейт.
Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси Адвокаттар кеңешин шайлоо мөөнөтүнө түзүлөт.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Этика боюнча комиссия
1. Этика боюнча комиссия ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маселелерди кароо боюнча Адвокаттар кеңешине көз карандысыз Адвокатура органы болуп саналат.
Этика боюнча комиссиянын саны 7 мүчөдөн турат, ал үч жылдык мөөнөткө шайланат. Мында адвокат - комиссиянын мүчөсүнүн адвокаттык стажы беш жылдан кем болбошу керек.
Этика боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Адвокатуранын беш өкүлү;
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эки өкүлү.
Этика боюнча комиссия өз курамынын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен төраганы жана анын орун басарын шайлайт. Бир эле адам этика боюнча комиссиянын мүчөлүгүнө катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
2. Адвокаттар - этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү этика комиссиясындагы ишин адвокаттык иш менен айкалыштыра алат. Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү бир эле убакта Адвокаттар кеңешинин мүчөсү боло алышпайт.
3. Этика боюнча комиссиянын жыйналышы Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү катышканда, укук ченемдүү деп эсептелет.
4. Этика боюнча комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) адвокаттын аракеттерине (аракетсиздигине) карата даттанууларды жана кайрылууларды кароо;
2) Адвокаттардын Кесиптик этика кодексин колдонуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;
3) тартиптик практиканы жалпылоо;
4) ушул Мыйзамга ылайык башка маселелер.
5. Этика боюнча комиссия арызды, даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим чыгарат.
6. Этика боюнча комиссиянын чечими анын жыйналышына катышуучу мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу аркылуу добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Этика боюнча комиссиянын жыйналышынын протоколуна Комиссиянын отурумуна катышкан мүчөлөрү кол коюшат.
7. Этика боюнча комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ордун адвокаттардын съездинде бекитилген резервдик тизмеде кезекте турган кийинки талапкер ээлейт.
Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси этика боюнча комиссияны шайлоо мөөнөтүнө түзүлөт.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
81-берене. Адвокатка карата даттанууларды этика боюнча комиссиясы тарабынан кароонун тартиби
1. Адвокатка карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу этика боюнча комиссиянын өзгөчө компетенциясынын предмети болуп саналат.
2. Тартиптик өндүрүш адвокатка карата кайрылууларды, сунуштамаларды, даттанууларды өз убагында, объективдүү жана адилет кароону, алардын адвокаттык иш жана адвокатура жөнүндө мыйзамдарга ылайык чечилишин, ошондой эле кабыл алынган чечимдин аткарылышын камсыз кылууга тийиш.
3. Этика боюнча комиссиянын кароосунун предмети болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жеке адамдардын жана уюмдардын даттануулары жана кайрылуулары;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрү;
3) адвокат өкүлү (коргоочу) болгон ишти карап жаткан соттун (судьянын) Комиссияга кайрылуусу.
4. Кайрылууларды текшерүүнү уюштуруу, кайрылууларды кароонун тартиби жана мөөнөттөрү, дисциплинардык өндүрүштү козгоо же андан баш тартуу, тартиптик өндүрүштүн жол-жобосу, аны жүргүзүү мөөнөттөрү, тартиптик жоопкерчилик чаралары, даттануунун тартиби жана башка маселелер ушул Мыйзамга ылайык бекитилүүчү этика боюнча комиссия жөнүндө жободо аныкталат.
5. Этика боюнча комиссия бардык мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, соттордон, укук коргоо органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан тартиптик ишти объективдүү кароо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды жана документтерди суратып алууга жана алууга укуктуу.
6. Этика боюнча комиссияга келип түшкөн даттануулар, кайрылуулар, сунуштар алар келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен каралууга тийиш.
7. Этика боюнча комиссия төмөнкүдөй тартиптик чараларды көрүүгө укуктуу:
1) эскертүү;
2) сөгүш.
Этика боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензияны токтото туруу же лицензиядан ажыратуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
8. Этика боюнча комиссиянын чечими акыркы болуп саналат. Этика боюнча комиссиянын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттанылууга тийиш.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Текшерүү комиссиясы
1. Текшерүү комиссиясы Адвокатуранын финансылык-чарбалык ишине контроль жүргүзөт жана Адвокаттардын съездине отчет берет.
2. Адвокаттардын съездинде текшерүү комиссиясы 5 адамдан турган курамда үч жылдык мөөнөткө шайланат. Текшерүү комиссиясынын курамына Адвокаттар кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, этика боюнча комиссиянын жана аймактык адвокатуралардын төрагалары кирүүгө укугу жок. Текшерүү комиссиясынын жыйналышына анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышканда укук ченемдүү деп эсептелет.
3. Адвокаттар - текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү текшерүү комиссиясындагы ишти адвокаттык иш менен айкалыштыра алышат.
4. Текшерүү комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ордун Адвокаттардын съездинде бекитилген резервдик тизмеде кезекте турган кийинки талапкер ээлейт.
Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси текшерүү комиссиясын шайлоо мезгилине түзүлөт.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
91-берене. Текшерүү комиссиясынын укуктары жана милдеттери
1. Текшерүү комиссиясы өзүнүн функцияларын талаптагыдай аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Адвокаттар кеңешинен, Адвокатуранын аппаратынын кызмат адамдарынан жана кызматкерлеринен аймактык адвокатуралардан текшерүү комиссиясынын иш-милдеттерине жана ыйгарым укуктарына ылайык келген иликтөө үчүн зарыл болгон бардык талап кылынган документтерди, материалдарды алууга. Көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар текшерүү комиссиясына тиешелүү суроо-талапты алгандан кийин беш күндүн ичинде берилүүгө тийиш;
2) бухгалтерлерди, аудиторлорду жана башка адистерди тартууга.
2. Текшерүү комиссиясы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жылына бир жолудан кем эмес Адвокатуранын ишинин жана анын органдарынын финансылык-чарбалык ишин жүргүзүүгө анын жыйынтыктарын расмий сайтка жарыялоого;
2) жүргүзүлгөн ревизиялардын жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын баяндама кат же билдирүү түрүндө Съездге, Адвокаттар кеңешине өз убагында маалымат берүүгө;
3) Адвокаттардын съездине чейин он күндөн кечиктирбестен Адвокатуранын өткөн жылдагы финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту берүүгө, анда ал Адвокатуранын отчетторун жана башка финансылык документтерде камтылган маалыматтардын тууралыгын тастыктоо камтылууга тийиш болгон. Адвокатуранын документтери, ошондой эле бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн, финансылык отчеттуулукту жана финансылык-чарбалык ишти жүзөгө ашыруунун мыйзамда белгиленген тартибин бузуу фактылары жөнүндө маалыматтарды берүү.
Адвокаттардын кезексиз съезди чакырылган учурда текшерүү комиссиясы Адвокатуранын финансылык-чарбалык ишине текшерүү жүргүзүүгө жана тиешелүү отчетту даярдоого тийиш.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Адвокаттардын окуу борбору
1. Адвокатуранын алдында адвокаттардын кесиптик окуп-үйрөнүүсүн уюштуруу жана квалификациясын жогорулатуу максатында өз алдынча юридикалык жак болуп саналган Адвокаттардын окуу борбору иштейт.
11. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензияны (мындан ары - лицензия) биринчи жолу алган адвокат бир жыл ичинде Адвокаттар Съезди бекиткен жобого ылайык алдын ала кесиптик билим алуудан өтүүгө тийиш.
2. Адвокаттардын окуу борборунун ишинин жана аны каржылоонун тартиби Адвокаттардын съезди тарабынан бекитилүүчү анын уставында аныкталат.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Аймактык адвокатура
1. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарында уюштуруу-укуктук формадагы бирден кем эмес аймактык адвокатуранын филиалы түзүлсүн.
70тен кем эмес адвокаттарды бириктиргенде Адвокатура облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында кошумча аймактык адвокатура түзүүгө укуктуу.
2. Аймактык адвокатура адвокатуранын уставында аныкталган тартипте түзүлөт.
3. Аймактык адвокатура өз ишинде адвокатуранын уставын жетекчиликке алат.
4. Адвокат бир гана аймактык адвокатурада катталышы мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Аймактык адвокатуранын башкаруу органдары
Аймактык адвокатуранын башкаруу органдары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) тиешелүү аймактын адвокаттарынын жалпы чогулушу;
2) аймактык адвокатуранын башкармасы.
13-берене. Тиешелүү аймактын адвокаттарынын жалпы чогулушу
1. Тиешелүү аймактын адвокаттарынын жалпы чогулушу (мындан ары - адвокаттардын жалпы чогулушу) аймактык адвокатураны башкаруунун органы болуп саналат.
2. Адвокаттардын жалпы чогулушунун компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
1) аймактык адвокатуранын төрагасын, анын орун басарын жана башкармасынын мүчөлөрүн шайлоо;
11) аймактык адвокатуранын башкармалыгынын төрагасын дайындоого Адвокаттар кеңешине сунуштама;
2) аймактык адвокатуранын жобосу менен адвокаттардын жалпы чогулушунун компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
3. Эгерде адвокаттардын жалпы чогулушуна катышуу үчүн каттоо аяктаган учурда тиешелүү аймактык адвокатуранын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринен көбү катталса, адвокаттардын жалпы чогулушу укук ченемдүү болот.
4. Адвокаттардын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби тиешелүү аймактык адвокатуранын жобосу менен белгиленет.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Аймактык адвокатуранын башкармасы
1. Аймактык адвокатуранын башкармасы аймактык адвокатуранын коллегиялуу аткаруучу органы болуп саналат жана адвокаттардын жалпы чогулушунда тиешелүү аймактын адвокаттарынын ичинен 5 адамдан ашпаган санда жашыруун добуш менен үч жылга түзүлөт. Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык кеңештин мүчөсү болуп шайлана албайт.
2. Башкарманын төрагасы жана анын орун басары аймактык адвокатуранын башкармасынын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат
Башкарманын төрагасы аймактык адвокатуранын ишине учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана аймактык адвокаттардын жалпы чогулушуна отчет берет.
3. Аймактык адвокатуранын башкармасынын компетенциясына адвокаттардын жалпы чогулушунун компетенциясына кирбеген, аймактык адвокатуранын жобосунда аныкталган баардык маселелерди чечүү кирет.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. Кыргыз Республикасындагы адвокаттык иш
15-берене. Адвокат
Адвокат - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алган, мамлекеттик тилди билген жана Адвокатуранын мүчөсү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жараны.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 14-июлу № 135
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, Кыргыз Республикасындагы адвокаттык иш жана юридикалык өкүлдөр жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 27-июлундагы № 147, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196, 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 61, 2020-жылдын 18-июлундагы № 79, 2021-жылдын 24-июнундагы № 75, 2022-жылдын 6-июнундагы № 41, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2023-жылдын 15-августундагы № 180 , 2025-жылдын 9-августундагы № 195, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын, Кыргыз Республикасында адвокаттык ишти жана юридикалык өкүлдөрдүн ишин уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин аныктайт, адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн статусун жөнгө салат, алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин белгилейт.
(КР 2026-жылдын 3-августундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)