КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 18-июлу № 144
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75, 2014-жылдын 18-июлу № 144, 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100, 2023-жылдын 9-мартындагы № 54, 2023-жылдын 11-августундагы № 179, 2024-жылдын 19 февралындагы № 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Кодекстин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формалардагы "поселок" деген сөз алып салынсын.
2. Кодекстин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө жана сандык формалардагы "айылдык округ", "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "айылдык аймак", "аткаруучу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 5-статьянын 2-пунктунда "(шаарлардын, шаарчалардын, айылдык калк жашаган пункттардын)" деген сөздөр алып салынсын.
4. 10-статьянын 2-пунктунда "(шаарлардын, шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу конуштардын)" деген сөздөр алып салынсын.
5. 13-статьяда:
аталышында "Айылдык округдун, поселоктун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу-тескөөчү органынын" деген сөздөр "Айыл өкмөтүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө айыл өкмөтүнүн карамагына тиешелүүлүгүнө жараша төмөнкүлөр жатат:";
2-пунктунда "айылдык округдун жана поселоктун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу-тескөөчү органы" деген сөздөр "айыл өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 14-статьяда:
статьянын аталышында "шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (мэрия, шаардык башкаруу) аткаруучу-тескөөчү органынын" деген сөздөр "шаарлардын мэрияларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жер мамилелерин жөнгө салууда шаарлардын мэрияларынын карамагына тиешелүүлүгүнө жараша төмөнкүлөр жатат:".