Загрузка документа…
КР 2026-жылдын 5-июнундагы N 82 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 31-октябры № 149
"Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 508-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи жана он алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы;
эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдүк-контролдук функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.".
2. 2-статьяда:
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттерде жалданып иштеген жарандарына, иш берүүчү мамлекеттин эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдары, ал эми Кыргыз Республикасынын юрисдикциясында турган уюмдарда иштөөчү чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, - Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдары жайылтылат. Андан тышкары, аларга жана башкаларга да Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболору жайылтылат.";
4-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
3. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Эмгекти коргоонун талаптары
Эмгек процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган эрежелер, жол-жоболор жана критерийлер (мындан ары - эмгекти коргоо талабы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.