КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 25-ноябры № 160
Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө
(КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 83, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2020-жылдын 22-июлундагы № 85, 2023-жылдын 29-мартындагы № 74, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-майындагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты
Ушул Мыйзамдын максаты насыялык маалымат алмашуу жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат.
2-берене. Кыргыз Республикасынын насыялык маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын насыялык маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары Конституциядан, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
3-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
насыялык бүтүм - насыя, зайым, лизинг, факторинг келишимдери жана акча каражаттарын жана башка мүлктү карызга берүү каралган башка келишимдер;
насыялык маалымат алмашуу - насыялык бюронун, субъекттин, насыялык маалымат берүүчүнүн жана пайдалануучунун насыялык тарыхты түзүү жана насыялык отчетту берүү максатында насыялык маалыматты жыйноо, иштеп чыгуу, талдоо, сактоо, берүү, пайдалануу жана коргоо боюнча өз ара аракеттенүүсү;
насыялык маалымат субъекти - тиешелүүлүгүнө жараша зайымчы (карызкор), лизинг алуучу, кепилдик берүүчү, кепил катары чыгуучу же болбосо түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдерге ылайык, насыячылардын алдында башка финансылык карызы жана милдеттенмеси бар юридикалык же жеке жак;
насыялык маалымат берүүчү - насыялык бюрого насыялык маалымат берүүчү юридикалык же жеке жак;
насыялык маалыматты пайдалануучу - тиешелүүлүгүнө жараша насыячы, лизинг берүүчү, күрөө кармоочу катары чыгуучу юридикалык же жеке жак;
позитивдүү насыялык маалымат - түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелердин насыялык маалымат субъекти тарабынан талаптагыдай аткарылышы жөнүндө маалыматтарды камтыган, насыялык маалымат субъекти жөнүндө маалымат;
негативдүү насыялык маалымат - келишимдик милдеттенмелерди (мөөнөтү өткөн карызды) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү токсон календардык күндөн ашык аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган насыялык маалымат субъекти жөнүндө маалымат. Эгерде милдеттенмелерди аткарбоо өзгөчө кырдаал жана (же) өзгөчө абал убагында болсо, келишимдик милдеттенмелерин жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрүн аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтар негативдүү насыялык маалыматка киргизилбейт.
(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Насыялык маалымат