Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2015-жылдын 20-январы № 19

"Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 327-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

6-статьянын 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- жер казынасын пайдалануунун, аларды коргоонун, мунай жана газ чыккан жерлерди иштетүүнүн жана пайдалануунун, жаратылыш газын жана мунайын жөнөтүүнүн, пайдалануунун, ташуунун, пайдалануунун жана сатуунун эрежелерин белгилейт;".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А. Атамбаев