Редакцияот 16.09.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2008-жылдын 16-сентябры № 468-б

1. "Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртуу" гранттык программасы боюнча 2008-жылдын 17-сентябрынан 18-сентябрына чейин Бишкек шаарында өтө турган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:

Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, делегациянын жетекчиси;

Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Мамбетжанов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы.

2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басарына сүйлөшүүлөрдүн протоколуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

 

 И.Чудинов