Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 20-февралы № 54-б
Акциздик товарлар рыногун коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "De La Rue International Limited" компаниясынын ортосунда түзүлгөн Акциздик маркаларды чыгаруу, аны Кыргыз Республикасына жана анын чегинен сыртка жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга 2007-жылдын 11-апрелиндеги келишимине ылайык даярдалган жаңы үлгүдөгү акциздик маркаларды киргизүүгө байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен бирдикте "De La Rue International Limited" өндүрүүчү компаниясынын кампасында сакталып турган алкоголдук ичимдиктерди белгилөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "De La Rue International Limited" компаниясынын ортосунда түзүлгөн тамеки жана алкоголдук буюмдарга акциздик маркаларды жеткирүүгө 2002-жылдын 20-мартындагы келишимине ылайык даярдалган 8200000 даана эски үлгүдөгү акциздик маркаларды жок кылууну камсыздасын.
2. Жок кылынууга тийиш маркаларды чыгаруу боюнча чыгашалардын орду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "De La Rue International Limited" компаниясынын ортосунда түзүлгөн Акциздик маркаларды чыгаруу, аны Кыргыз Республикасына жана анын чегинен сыртка жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга 2007-жылдын 11-апрелиндеги келишими боюнча даярдалган акциздик маркаларды сатуунун эсебинен толтурулсун.
Премьер-министр | И.Чудинов |