Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 3-марты № 66-б
"Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" гранттык долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын, Айыл чарбалык өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосунда 2008-жылдын 4-мартынан 6-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында Дүйнөлүк банктын Туруктуу Өкүлүнүн офисинде болуучу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
Карабеков К.Ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Сидоренко Р.В. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри;
Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Ногоев А.И. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри;
Мамбетжанов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;
Ибраимова Э.С. - Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Момбеков А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы;
Сыргабаев Б.Э. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташуу департаментинин директорунун милдетин аткаруучу;
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Тышкы финансылык жардам башкармалыгынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине сүйлөшүүлөрдүн протоколуна Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |