Редакцияот 13.06.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 13-июну № 283-б

Токтогулдагы кары-картаңдар жана майыптар үчүн жалпы типтеги "Кара-Каш" интернат үйүнө акысыз жардам берүү максатында:

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Токтогул райондук финансы бөлүмүнө Токтогулдагы кары-картаңдар жана майыптар үчүн жалпы типтеги "Кара-Каш" интернат үйүнүн балансына 1993-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 0130937, шасси № 0132058 "ГАЗ 31029" маркасындагы кызматтык автомашинаны белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.

 

Премьер-министр

И.Чудинов