Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 16-декабры № 657-б
Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттери тарабынан аткарылуучу жумуштардын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын, товар жүгүртүүнүн чыныгы көлөмдөрүн аныктоо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу тобу түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын салык, бажы кылмыштарына каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын начальниги - жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин Контролдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын финансы бөлүмүнүн башчысы;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын финансы бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын финансы бөлүмүнүн башчысы;
Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын финансы бөлүмүнүн башчысы;
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын финансы бөлүмүнүн башчысы;
Талас облусунун мамлекеттик администрациясынын финансы бөлүмүнүн башкы адиси;
Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын экономика жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн начальниги;
Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын начальнигинин биринчи орун басары;
Ош шаарынын мэриясынын коргонуу жана укук коргоо органдары бөлүмүнүн начальниги.
2. Жумушчу тобу ишкердик субъекттери тарабынан бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктык түшүүлөрдүн чыныгы көлөмүнө мониторинг (талдоо) жүргүзсүн жана аныктасын.
3. Жумушчу тобуна ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин ишке тартууга укук берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жумушчу тобуна зарыл маалыматтарды беришсин жана көмөк көрсөтүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|