Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 19-августу № 421-б

(КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 27-августундагы № 428-б буйругунун

редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 17 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:

Ибраимова Э.С. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы.

 

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

 

Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;

Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Болжурова И.С. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Калыев Б.Т. - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

Конгантиев М.Т. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Түлеев Н.Т. - Бишкек шаарынын мэри.

2. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августундагы № 428-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августундагы № 428-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

4. Облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө карата майрамдык иш-чараларды 2008-жылдын 31-августунда өткөрүүнү уюштурсун.

5. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган циклдик берүүлөрдү жана өткөрүлүүчү иш-чараларды көрсөтүүнү уюштуруу Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына сунушталсын.

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин милдетин аткаруучу

биринчи вице-премьер-министр

 

 

И.Айдаралиев