Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-августу № 463-б
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку төрагаларынын 2009-жылдагы Чолпон-Ата шаарындагы кезектеги кеңешмесин өз убагында даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешмесин уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна республикалык бюджеттин каражатынан 3.5 (үч миллион беш жүз миң) сом бөлүп берсин;
- 2009-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдаган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чыгымдарын каржылоонун өлчөмүнүн көбөйгөндүгү эске алынсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |